Жетекчилик

7f0d206b 6f59 4098 960e ab08118fef36

Калмуратов Жолдошбек Жамбулович

Айыл өкмөт башчы

Билими:
2000–2013-жылдары С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинде билим алып, «Ишканалардагы экономика жана башкаруу» адистигине ээ болгон.

Эмгек тажрыйбасы:

Эмгек жолун 1990-жылы Ак-Кыя колхозунда жумушчу болуп баштаган. 1997–2001-жылдары Ак-Кыя айыл чарба кооперативинде инженер-механик, 2001–2005-жылдары Көк-Жар айыл өкмөтүндө адис болуп иштеген. 2005–2009-жылдары Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы, 2010–2015-жылдары башкы адис, 2015–2018-жылдары жооптуу катчы, андан кийин бөлүм башчысы кызматтарын аркалаган. 2023–2024-жылдары Тоголок-Молдо айыл аймагында айыл башчысы, 2024–2025-жылдары Кара-Бүргөн айыл өкмөтүнүн башчысы болуп иштеген. 2026-жылдын 29-майынан тартып Тоголок-Молдо айыл өкмөтүнүн башчысы кызматын аркалап келет. Муниципалдык кызматтын 2-класстагы кеңешчиси класстык ченине ээ.

орун басар

Кадырбек уулу Бексултан

Айыл өкмөт башчынын орун басары

Билими:
2015–2019-жылдары Бишкек мамлекеттик университетинин Финансы-экономика факультетинде билим алып, «Экономист» адистигине ээ болгон. 2021–2025-жылдары Инновациялык кесиптер институтунун Педагогика факультетинде «Курулуш» адистиги боюнча кошумча билим алган..

Эмгек тажрыйбасы:

2023-жылдын май айынан 2026-жылдын апрель айына чейин Тоголок-Молдо айыл аймагында жер жана турак жай маселелери боюнча адис болуп иштеген. 2026-жылдын апрель айынан тартып Тоголок-Молдо айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары кызматын аркалап келет. Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызматынын 3-класстагы инспектору класстык ченине ээ.

WhatsApp Image 2026 07 08 at 09.05.41

Тентимишова Жанылмырза

Жоопту катчы

Билими:
2010–2015-жылдары К. И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде билим алып, «Бухгалтер» адистигине ээ болгон.

Эмгек тажрыйбасы:

2017–2021-жылдары Ак-Тал айыл өкмөтүндө социалдык иштер боюнча башкы адис болуп иштеген. 2021–2023-жылдары Ак-Тал айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы кызматын аркалаган. 2024-жылдан 2026-жылга чейин Тоголок-Молдо айыл өкмөтүндө башчынын орун басары — жооптуу катчы болуп иштеген. 2026-жылдан тартып Тоголок-Молдо айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы кызматын аркалап келет. Муниципалдык кызматтын 3-класстагы кеңешчиси класстык ченине ээ.