Тоголок-Молдо айыл өкмөтү улук жана кенже административдик муниципалдык кызмат орундары боюнча кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс жарыялайт.
📅 Жарыяланган күнү: 25.08.2025
Кенже административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн:
- жогорку же орто кесиптик билим (каалаган багыт боюнча);
- иш стажына талап коюлбайт.
Улук административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн:
- жогорку билим;
- мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта 1 жылдан кем эмес иш стажы же тиешелүү кесиптик багыт боюнча 3 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы.
Негизги административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн:
- жогорку билим;
- мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта жалпы 1 жылдан кем эмес иш стажы же тиешелүү кесиптик багыт боюнча 3 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы, же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы.
Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтер талап кылынат:
- муниципалдык кызматтын тобу көрсөтүлгөн жеке арыз;
- резюме (электрондук форматта);
- өмүр баян (соттуулугу бар же жок экендиги тууралуу маалымат менен);
- негизги жана кошумча билимин тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо), нотариустан же акыркы иштеген жеринен күбөлөндүрүлгөн;
- эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо), нотариустан же акыркы иштеген жеринен күбөлөндүрүлгөн;
- илимий даража жана наам тууралуу документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо);
- паспорттун көчүрмөсү.
⚠️ Эскертүү:
Талаптарга жооп берген талапкерлер гана ачык конкурстун кийинки этабына чакырылат. Талапкерлердин байланыш маалыматтары жана даректери так көрсөтүлүшү зарыл.
📍