АЙЫЛДАРГА ӨТМӨ КӨПҮРӨЛӨР ОРНОТУЛУУДА

ChatGPT Image 1 июл. 2026 г., 14 09

Тоголок Молдо айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен айыл аймактагы инфраструктураны жакшыртуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Анын алкагында Ак-Тал, Жаңы-Талап, Ак-Кыя жана Кара-Ой айылдарында айыл чарба багытындагы сугат жерлердин көйгөйлүү тилкелерине, ошондой эле айылдардын ички көчөлөрүнө өтмө көпүрөлөр коюлуп жатат.

Бул иштер тургундардын жана дыйкандардын жүрүп-турушун жеңилдетүү, сугат жерлерге баруу мүмкүнчүлүгүн жакшыртуу, айыл ичиндеги байланыш жолдорун ыңгайлуу кылуу максатында жүргүзүлүүдө.

Өтмө көпүрөлөрдүн орнотулушу айыл тургундары үчүн күнүмдүк каттамды коопсуз жана ыңгайлуу кылып, айыл чарба иштерин жүргүзүүгө да жакшы шарт түзөт.

Тоголок Молдо айыл өкмөтү айыл аймактагы инфраструктураны жакшыртуу багытындагы иштерди мындан ары да улантат.