Тоголок Молдо айыл аймагына караштуу Ак-Тал айылында муниципалдык инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталган дагы бир маанилүү долбоор ишке ашырылууда.
Долбоордун негизги максаты — айыл өкмөтүнүн карамагындагы атайын техникаларды бир жерге топтоо, үзгүлтүксүз тейлөө, оңдоо, көзөмөлдөө жана коопсуз сактоо үчүн заманбап муниципалдык гараж уюштуруу болуп саналат.
Бул максатта Ак-Тал айылындагы мурдагы эски кампанын орду тандалып алынып, жалпы аянты 1 гектарга жакын аймак толугу менен тазаланды. Пайдубалы жок, урап калган ылай дубалдар сүрдүрүлүп, алардын ордуна заманбап талаптарга ылайык темир-бетон пайдубал куюлуп, айланасы пескоблок менен тосулду.
Эл аралык долбоордун колдоосу
Курулуш иштерин жүзөгө ашыруу үчүн айыл өкмөтү тарабынан атайын долбоор даярдалып, ал БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын (WFP) алкагында колдоого алынды.
Долбоордун негизинде 27 үй-бүлө убактылуу жумуш менен камсыз болуп, курулуш иштерине активдүү катышты. Алар тосмо куруу иштерин өз убагында жана сапаттуу бүтүрүштү.
Долбоордун социалдык колдоо бөлүгүнүн алкагында ар бир катышуучунун үй-бүлөсүнө:
- 6 мүшөктөн ун;
- 30 литрден өсүмдүк майы берилет.
Курулуш материалдары толугу менен айыл өкмөтү тарабынан камсыздалды
Муниципалдык гаражды куруу үчүн керектүү бардык курулуш материалдары жана техникалык каражаттар айыл өкмөтүнүн эсебинен камсыз болду.
Атап айтканда:
- айыл өкмөтүнүн атайын техникалары менен эски дубалдар сүрдүрүлүп, аймак тазаланды;
- Кореядан алынып келинген атайын опалубкалар ижарага пайдаланылды;
- темир-бетон пайдубал куюлду;
- 6500 даана пескоблок;
- 675 даана тумба;
- 16 тонна цемент;
- 1500 метр арматура;
- ошондой эле хамут, зым, кум, шагыл жана башка курулуш материалдары үзгүлтүксүз жеткирилип турду.
Эмне үчүн Ак-Тал айылы тандалды?
Муниципалдык гаражды Ак-Тал айылына жайгаштыруу атайын эсептөөлөрдүн негизинде тандалды.
Айыл Бишкек – Нарын – Баетов унаа жолунун боюнда жайгашкандыктан:
- бузулган техникаларды адистерге өз убагында жеткирүүгө;
- керектүү тетиктерди райондон, облустан жана борбордон тез алып келүүгө;
- күйүүчү-майлоочу материалдарды үзгүлтүксүз камсыз кылууга;
- муниципалдык техникаларды натыйжалуу башкарууга ыңгайлуу шарт түзүлөт.
Алдыдагы пландар
Долбоордун кийинки этабында жаңы тосулган муниципалдык гараждын аймагына атайын техникаларды жаан-чачындан коргой турган бастырмалар, техникалык тейлөө үчүн кошумча курулмалар жана башка зарыл объектилерди куруу пландалууда.
Бул долбоордун ишке ашуусу менен көп жылдан бери кароосуз калган муниципалдык объект кайрадан пайдаланууга берилип, айыл элинин кызыкчылыгы үчүн кызмат кылуучу заманбап муниципалдык базага айланууда.
Тоголок Молдо айыл өкмөтү долбоордун ийгиликтүү ишке ашуусуна салым кошкон бардык жарандарга, өнөктөш уюмдарга жана курулуш иштерине катышкан эмгекчилдерге терең ыраазычылык билдирет.




