КАРА-ОЙ АЙЫЛЫНДА КИЧИ ФУТБОЛДУК АЯНТЧА КУРУЛУУДА

480487127 553140071102941 3589878731738137439 n

КАРА-ОЙ АЙЫЛЫНДА КИЧИ ФУТБОЛДУК АЯНТЧА КУРУЛУУДА

Тоголок Молдо айыл аймагына караштуу Кара-Ой айылында Дем берүүчү үлүштүк гранттын алкагында кичи футболдук аянтча курулуп жатат.

Долбоордун жалпы суммасы 3 290 922 сомду түзөт. Анын ичинен 872 000 сом Тоголок Молдо айыл өкмөтүнүн өздүк салымы болуп саналат.

Курулуш иштерин «Аза Универсал Компании» жоопкерчилиги чектелген коому жүргүзүүдө.

Бул долбоордун ишке ашырылышы айылдагы балдар жана жаштар үчүн спорт менен машыгууга ыңгайлуу шарт түзүп, сергек жашоо образын жайылтууга жана массалык спортту өнүктүрүүгө өбөлгө болот.Тоголок Молдо айыл аймагына караштуу ассалык спортту өнүктүрүүгө өбөлгө болот.