КАДЫРАЛЫ АЙЫЛЫНДАГЫ БДР СУУ САКТАГЫЧЫН ТАЗАЛОО ЖАНА ОҢДОО ИШТЕРИ БАШТАЛДЫ

479373775 550686654681616 3497871313571498038 n

Тоголок Молдо айыл аймагына караштуу Кадыралы айылындагы БДР суу сактагычы союз мезгилинен бери толук тазаланбай келген.

Айыл тургундарынын суроо-талабынын негизинде Тоголок Молдо айыл өкмөтү тарабынан тиешелүү документтер даярдалып, долбоор каржылоого сунушталган.

Натыйжада, БДР суу сактагычын тазалоо жана оңдоп-түзөө иштерине Ак-Талаа райондук өнүктүрүү фондунан 8 194 512 сом, ал эми жергиликтүү бюджеттен өздүк салым катары 912 000 сом бөлүнүп, долбоордун жалпы наркы 9 106 512 сомду түздү.

Учурда суу сактагычты тазалоо жана оңдоо иштери башталып, тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.

Бул долбоордун ишке ашырылышы айыл чарба жерлерин сугат суу менен камсыздоону жакшыртууга, суу сактагычтын өткөрүмдүүлүгүн жана пайдалануу мөөнөтүн узартууга, ошондой эле дыйкандар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.

Тоголок Молдо айыл өкмөтү мындан ары да калктын суроо-талаптарына ылайык айыл аймактагы маанилүү инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууну улантат.