Тоголок Молдо айыл аймагына караштуу Көк-Жар айылында жаш өспүрүмдөрдүн бош убактысын пайдалуу өткөрүүсүнө жана коопсуз шартта ойноосуна багытталган заманбап балдар ойноочу аянтча орнотулуп, айыл тургундарынын пайдалануусуна берилди.
Долбоорду ишке ашырууга жергиликтүү бюджеттен жалпысынан 748 100 сом каражат бөлүндү. Анын ичинен:
- аянтчанын айланасын тосууга — 148 000 сом;
- балдар ойноочу жабдууларын сатып алууга — 600 100 сом жумшалды.
Жаңы оюн аянтчасы балдардын ден соолугун чыңдоого, активдүү эс алуусуна жана алардын коопсуз оюн ойноосу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзөт.
Тоголок Молдо айыл өкмөтү мындан ары да айыл аймактагы социалдык инфраструктураны өнүктүрүүгө жана балдар үчүн заманбап шарттарды түзүүгө багытталган долбоорлорду ишке ашырууну улантат.


