ИШЕМБИЛИК: ТАЗА АЙЫЛ – БААРЫБЫЗДЫН МИЛДЕТИБИЗ

ChatGPT Image 1 июл. 2026 г., 13 45

Тоголок Молдо айыл аймагында айлана-чөйрөнү тазалоо, таштандыдан арылтуу жана айылдардын санитардык абалын жакшыртуу максатында үч айлык иш-чара жарыяланды.

Аталган үч айлыктын алкагында айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлери, мекеме-уюмдардын өкүлдөрү жана айыл тургундары ар жуманын ишемби күнү ишембиликке чыгып, көчөлөрдү, коомдук жайларды, арык-каналдарды жана айлана-чөйрөнү тазалоо иштерин жүргүзүп келишет.

Мындай иш-чаралар айылдардын тазалыгын сактоого, жашоо чөйрөсүн көрктөндүрүүгө жана тургундардын экологиялык маданиятын жогорулатууга багытталган.

Тоголок Молдо айыл өкмөтү бардык тургундарды айлана-чөйрөнү таза кармоого, ишембиликтерге активдүү катышууга жана өз айылыбыздын көрктөнүшүнө биргелешип салым кошууга чакырат.