КАРЫСЫ БАРДЫН — ЫРЫСЫ БАР

480305466 554619324288349 5866039432207012900 n

Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айыл аймагына караштуу Кара-Ой айылында Улгайган адамдардын эл аралык күнүнө карата майрамдык иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чара Нурак Абдырахманов атындагы айылдык клубда уюштурулуп, ага айыл аксакалдары жана улгайган тургундар катышты.

Майрамдык иш-чарада Тоголок Молдо айыл өкмөтүнүн башчысы Алмаз Абдылдаев куттуктоо сөз сүйлөп, улуу муундун айылдын өнүгүшүнө кошкон эмгеги жана салымы зор экенин белгиледи.

Улгайган адамдардын эл аралык күнүн белгилөө үчүн жергиликтүү бюджеттен 170 миң сом каралган. Аймакта 200дөн ашык улгайган адамдар бар.

Майрамдын алкагында катышуучуларга концерттик программа тартууланып, сый дасторкон уюштурулду.

Урматтуу ата-апалар, майрамыңыздар менен!