Тоголок Молдо айыл аймагынын Соң-Көл жайлоосундагы Молдо ашуусуна жана ички жайлоо «Шабыр» аймагына малдын өтүүсүн жөнгө салуу, жайыттарды туура пайдалануу жана жайлоо инфраструктурасын жакшыртуу максатында тосоттор жаңыланып, кайрадан орнотулду.
Аталган иштер жайыттарды натыйжалуу пайдалануу, малдын көзөмөлсүз өтүүсүнө жол бербөө жана жайыттардын экологиялык абалын сактоо багытындагы иш-чаралардын алкагында жүргүзүлдү.
Жаңыланган тосоттор жайыттарды башкаруунун сапатын жакшыртып, малчылар үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарттарды түзүүгө өбөлгө болот.
Тоголок Молдо айыл өкмөтү мындан ары да жайыт инфраструктурасын жакшыртуу жана жаратылыш байлыктарын сарамжалдуу пайдалануу боюнча иштерди улантат.


