Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айыл аймагына караштуу Кара-Ой айылында майрамдык салтанаттуу иш-чара уюштурулуп, кыргыз спортунун өнүгүшүнө зор салым кошкон, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик желегин дүйнөлүк ареналарда бийик көтөргөн спортчуларга жана Мекен чегинде кызмат өтөгөн мекендештерге «Тоголок Молдо айыл аймагынын Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылды.
Иш-чаранын негизги максаты — өлкөбүздүн намысын эл аралык мелдештерде татыктуу коргоп, жаш муундарга үлгү болуп келе жаткан спортчуларды жана алардын машыктыруучуларын коомчулуктун алдында сыйлоо, ошондой эле мекенчилдикти, патриоттуулукту жана сергек жашоо образын даңазалоо болду.
«Тоголок Молдо айыл аймагынын Ардактуу атуулу» наамы төмөнкү инсандарга ыйгарылды:
- Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу Алмаз Кайыпов;
- Дүйнөлүк мелдештердин алтын медалисттери Асан уулу Өмүрбек, Абдымалик Карачов, Асель Токтосун кызы;
- Казакстан Республикасында өткөн Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарындагы көк бөрү боюнча алтын медалдын жеңүүчүсү, Кыргыз Республикасынын УКМКсынын Чек ара кызматынын Чүй чек ара башкармалыгынын командиринин орун басары Омурсадык Бекмуратов.
Мындан сырткары, жергиликтүү бюджеттин эсебинен спорттун өнүгүшүнө кошкон салымы жана жогорку жетишкендиктери үчүн акчалай сертификаттар тапшырылды.
Акчалай сыйлыктар:
Машыктыруучу:
- Алмаз Кайыпов — 10 000 сом
Балбандар:
- Өмүрбек Асан уулу — 100 000 сом
- Абдумалик Карачов — 75 000 сом
- Асель Токтосун кызы — 75 000 сом
- Төлөгөн уулу Афтандил — 30 000 сом
Казакстанда өткөн Дүйнөлүк Көчмөндөр оюнунун жеңүүчүлөрү:
- Жекшен Турдубеков — 50 000 сом
- Бердибек уулу Ислам — 50 000 сом
- Дастан Русланов — 50 000 сом
Көк бөрү оюнунда өзгөчө чеберчилиги үчүн:
- Бакай Мирбек уулу — 10 000 сом
- Тобокел Жамгырчы уулу — 10 000 сом
- Дөөлөтбек Нурманбетов — 10 000 сом
Бул сыйлыктар Тоголок Молдо айыл аймагында спортту өнүктүрүүгө, жаштарды мекенчилдикке тарбиялоого жана эл аралык деңгээлде Кыргызстандын аброюн көтөрүп жаткан спортчуларды колдоого багытталган иштердин уландысы болуп саналат.
Тоголок Молдо айыл өкмөтү спортчуларга, машыктыруучуларга жана өлкөнүн намысын бийик көтөрүп жүргөн бардык мекендештерге чың ден соолук, жаңы ийгиликтерди жана дагы көптөгөн жеңиштерди каалайт. Кыргызстандын көк туусу дүйнө ареналарында ар дайым желбирей берсин!



