Тоголок Молдо айыл аймагына караштуу Кадыралы айылындагы Бабык ашуусуна Тилек Байгубуевдин ысымы ыйгарылды.
Аталган ашуу аркылуу чабандар каттап, жай мезгилинде Бабык жайлоосуна чыгышат. Ашууга Тилек Байгубуевдин ысымын ыйгаруу тууралуу сунуш анын уулу Тилек уулу Жылдызбек тарабынан көтөрүлүп, элдик жыйында айыл тургундары жана жергиликтүү кеңештин депутаттары тарабынан колдоого алынган.
Иш-чаранын алкагында айыл өкмөтүнүн техникаларынын жардамы менен ашууга баруучу 3 чакырым жол түздөлүп, оңдолду. Бул иштерге Тилек уулу Жылдызбек да колдоо көрсөтүп, күйүүчү май менен камсыздады.
Салтанаттуу иш-чарада Тилек Байгубуевдин замандаштары жана айылдаштары сөз сүйлөп, анын жооптуу кызматтарда эмгектенгенин, айылдын өнүгүшүнө жана Бабык жайлоосуна барчу жолдун салынышына чоң салым кошконун белгилешти.
Бул демилге өткөн муундун эмгегин урматтоо, айыл тарыхын сактоо жана кийинки муундарга үлгү көрсөтүү багытындагы маанилүү иш-чара болуп калды.


